• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда 687 миң 154 пенсионер бар – Соцфонд

Коом 0

Бишкек, 15.12.20. /Кабар/. 2020-жылдын 1-декабрына карата Кыргызстанда 687 миң 154 пенсионер бар. Бул тууралуу брифинг учурунда Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Гүлнур Жуматаева билдирди.

Анын айтымында, пенсиянын орточо көлөмү 6 миң 61 сомду түзөт. Орточо пенсия 300 сомго көтөрүлдү.

"Жарандардын 76%ы жаш курагы боюнча, 18%ы майыптыгы боюнча жана 6%ы багуучусунан айрылгандыгына байланыштуу пенсияга чыгышкан. 2020-жылдын 11 айынын жыйынтыгында өлкөдө 44 миң 837 адам пенсия курагына жеткен", - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий