• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда аба транспорту жана уюлдук байланыш кызматтары жогорулады

Экономика 0

Бишкек, 07.11.18. /Кабар/. Кыргызстанда кызматтарга болгон тариф 2018-жылдын сентябрь айында былтыркы жылдын декабрына салыштырмалуу 5,3%га жогорулаган. Мындай сандар Улуттук статистика комитетинин "Кыргыз Республикасындагы баалар" журналында көрсөтүлгөн.

Документке ылайык, анын ичинен көбүнчөсү аба транспорту кызматы (1,6 эсеге), уюлдук байланыш (16,7%га), маданий иш-чараларды уюштуруу кызматы (5,0%га), амбулатордук (4,4%), жана чачтарач кызматтары (3,0%га) бар.

Аны менен катар үстүбүздөгү жылдын башынан бери такси (6,6%га), ветеринардык кызматтар (4,1%га),бут кийим оңдоо (2,8%га), коомдук тамак-аш (2,1%га). нотариалдык кызматтар (1,7%га), имараттарды кармоо жана оңдоо кызматтары (1,1%га) төмөндөгөндүгү байкалган.

Пикир

Оставить комментарий