• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда камсыздандыруу уюмдарынын кирешелери 1,8 эсеге көбөйдү

Экономика 0

Бишкек, 24.04.23. /Кабар/. 2022-жылы Кыргызстандын финансы секторунда 15 камсыздандыруу компаниясы ишмердигин жүргүзүштү.

Улуттук статистика комитети билдиргендей, алардын кирешелери 2021-жылга салыштырмалуу 1,8 эсеге өсүп, 2,9 млрд сомду түздү. Муну менен бирге кирешелердин негизги көлөмү (анын жалпы суммасынын 74,6%) келип түшкөн камсыздандыруу төлөмдөрүнүн эсебинен алынды.

Камсыздандыруу компанияларынын чыгымдары бул мезгил ичинде 1,9 эсеге көбөйдү жана 2,5 млрд. сомду түздү. Мында жалпы чыгымдардын суммасынын 22,3%ы иштерди жүргүзүү менен байланышкан чыгымдарга, 24,4%ы камсыздандыруу резервдерине чегерүүлөргө жана 34,7%ы кайра камсыздандырууга берилген камсыздандыруу төгүмдөрүнө (сый акыларга) кеткен чыгымдарга туура келди.

Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча камсыздандыруу компаниялары тарабынан 378 млн. сомдон ашык сальдолоштурулган пайда алынды, бул 2021-жылга караганда 47,4%га көп.

2022-жылы камсыздандыруу компаниялары тарабынан 315 миң камсыздандыруу келишими түзүлдү, бул 2021-жылга салыштырганда 18,4%га көп. Мында түзүлгөн келишимдердин жалпы санынын 87,5%ы жеке жактар менен түзүлгөн келишимдерге туура келди. Ыктыярдуу камсыздандыруу үлүшүнө түзүлгөн келишимдердин жалпы санынын дээрлик 59%ы туура келди.

Түзүлгөн келишимдер боюнча камсыздандыруунун суммасы 2021-жылга салыштырмалуу 41,4%га көбөйүү менен 2022-жылдын аягына карата 1 367,7 млрд. сомду түздү. Жоопкерчиликти ыктыярдуу камсыздандыруу жана туризмди жеке камсыздандыруу келишимдери боюнча камсыздандыруу суммасынын эң көп көбөйүшү белгиленди.

2022-жылы 2,1 млрд. сом камсыздандыруу төгүмдөрү келип түшкөн, бул 2021-жылга караганда 1,7 эсеге көп.

2022-жылы 7,7 миң камсыздандыруу учуру байкалды, алардын ичинен 51%ы ыктыярдуу жеке медициналык камсыздандырууга туура келди. Камсыздандыруу төлөмдөрүнүн жалпы суммасында 52,6%ы ыктыярдуу мүлктүк камсыздандырууга жана 22%ы жеке медициналык камсыздандырууга туура келди.

Пикир

Оставить комментарий