• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда мектепке чейинки билим берүүнүн жетишсиздиги көйгөйүн чечүүнүн жолдору табылды

Коом 0

Бишкек, 24.04.23. /Кабар/. Кыргызстанда статистикага ылайык, дээрлик 1 млн 200 миң мектепке чейинки курактагы бала бар, анын 24%ы же 200 миңден ашууну мектепке чейинки билим берүү менен камтылган, ал эми 76%ы же 900 миңге жакыны мектепке чейинки билим берүү менен камтылган эмес. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги басма сөз жыйынында КР Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаева билдирди.

Анын айтымында, мектепке чейинки билим берүү менен камтылбаган балдар өнүгүүдө артта калууда, бул алардын келечегине таасирин тийгизет.

“Буга байланыштуу Кыргызстанда үстүбүздөгү жылдын март айында ишке киргизилген “Өкмөттүк акселераторлор” методологиясынын негизинде 100 күндүк реформалоо программасынын алкагында ченемдик укуктук актылар жана стандарттар иштелип чыккан, ага ылайык жеке тарап (жеке жактар) артыкчылыктуу жөнгө салуучу юридикалык, санитардык жана билим берүү талаптары патенттин негизинде ишкердик (үйдө бала бакча ачуу) баштаса болот. Белгилей кетсек, пилоттук долбоордун алкагында 14-апрелден баштап Бишкектин Ленин жана Биринчи Май райондорунда үйүндө бала бакча ачууну каалаган жеке ишкерлерди каттоо башталган”, - деп билдирди Чынбаева.

Эскерте кетсек, "Өкмөттүк акселераторлор" методологиясын ишке ашыруунун алкагында айрым ведомстволор аралык жумушчу топтор 100 күндүн ичинде тармактык көйгөйлөрдү аныктап, чечип, максаттарына жетиши зарыл.

КР Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаева жетектеген биринчи топ өлкөдөгү мектепке чейинки билим берүүнүн жетишсиздиги көйгөйүн чечүүнүн жолдорун тапты.

Пикир

Оставить комментарий