• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда агроөнөр жай комплексин каржылоого 3,5 млрд сом бөлүндү

Экономика 0

Бишкек, 19.01.23. /Кабар/. “Агроөнөр жай комплексин каржылоо” долбооруна 3,5 млрд сом бөлүндү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Ведомствонун маалыматына караганда, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо үчүн агроөнөр жай кластерлерин өнүктүрүү максатында, сүт, эт, шекер, жумуртка, өсүмдүк майы, картөшкө, жашылчалар, жемиштер жана дан эгиндеринин кластерлерин өнүктүрүү иштери жүргүзүлүүдө, мындан тышкары, кошумча түзүлгөн келишимдердин негизинде балык, бал, жүн, пахта жана жаңгак мөмө-өсүмдүктөрүнүн кластердик бирикмелери түзүлүүдө.

Агроөнөр жай кластери агроөнөр жай комплексинин кошумча нарк чынжырчасында иштеген фермерлердин, агроөнөр жай ишканаларынын, кайра иштетүүчү ишканалардын жана соода-логистикалык борборлорунун кластердик бирикмелеринен түзүлөт.

Долбоорду ишке ашыруунун алкагында "Айыл Банк" ачык акционердик коому жана "РСК Банк" ачык акционердик коому тарабынан күрөөсүз жеңилдетилген насыя 3-5 жылга чейин 6 пайыз менен берилет.

гроөнөр жай комплексин каржылоо” долбоорунун негизинде 2023-жылдын 16-январына карата 3,5 млрд сом бөлүндү. Анын ичинде "РСК Банк" ачык акционердик коомуна – 1,7 млрд сом жана Айыл Банк" ачык акционердик коомуна – 1,8 млрд сом бөлүнүп, жалпы 2 млр 718,9 млн сомго 2 миң 381 кредиттер берилди.

Пикир

Оставить комментарий