• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда акыркы аптада COVID-19дун жаңы 10 учуру катталды

COVID - 19 0

Бишкек, 26.12.22. /Кабар/. Кыргызстанда 19-декабрдан 25-декабрга чейинки аралыкта COVID-19дун 10 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти билдирди.

Маалыматка ылайык, алардын ичинен үч бейтап ооруканага жаткырылган, жетиси амбулатордук дарылануудан өтүүдө.

“Кыргызстандын бардык облусу "жашыл зонада". 2022-жылдын 11 ай жана 26 күн аралыгында коронавирустук инфекциясынын жалпы 21 миң 820 учуру катталган”, - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий