• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте 8 айлык ымыркайдан коронавирус аныкталды

COVID - 19 0

Бишкек, 31.03.21. /Кабар/. Бишкекте 8 айлык ымыркайдан коронавирус аныкталды, ага эжесинен жуккан. Бул тууралуу брифингде Бишкектин мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгеринин орун басары Айнагүл Рыскулбекова билдирди.

Анын айтымында, бөбөк мурда коронавирус аныкталган эжеси менен байланышта болгон.

"Наристеге лабораториялык тастыкталган COVID-19 диагнозу коюлганын белгилеп кетким келет. Азыркы учурда дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, амбулатордук дарыланууда жатат”, - деди ал.

Белгиленгендей, 2021-жылдын башынан бери Бишкек шаарында жалпы COVID-19дун 3 миң 258 учуру катталган, анын ичинен 1 миң 989 учур лабораториялык, ал эми 1 миң 269 учур клиникалык-эпидемиологиялык жактан тастыкталган

Пикир

Оставить комментарий