• 88.68
  • 95
  • 0.95

Мас абалында унаа башкарган финансы министринин орун басарына айып салынды

Укук тартиби 0

Бишкек, 26.12.22. /Кабар/. КР финансы министринин орун басары Руслан Татиковго мас абалында унаа башкарганы үчүн айып салынды.

Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, чиновниктин унаасы 21-декабрдан 22-декабрга караган түнү токтотулган. Наркологияда ал спирт ичимдигин ичкени аныкталган.

Текшерүүдөн кийин чиновникке 17,5 миң сом айып салынып, "Лексус 330" унаасы айып короосуна токтотулду.

Пикир

Оставить комментарий