• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда акыркы суткада 88 адамдан COVID-19 табылып, эки бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 30.09.21. /Кабар/. Кыргызстанда 30-сентябрга карата коронавирус дагы 88 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 54, Чүй облусунда – 15, Ош облусунда – 1, Талас облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 12, Баткен облусунда – 3 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 104 адам илдеттен сакайып чыккан.

Сутка ичинде өлкө боюнча COVID-19га каршы эмдөө албагандар арасында эки бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 430 бейтап, амбулатордук түрдө 808 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 178 миң 532 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 173 миң 206 киши айыгып чыкса, 2 607 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий