• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда акыркы суткада бир адамдан коронавирус табылып, 9 бейтап сакайды

COVID - 19 0

Бишкек, 21.04.22. /Кабар/. Кыргызстанда 21-апрелге карата коронавирустун бир жаңы учуру катталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, илдеттен 9 бейтап айыкты.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 5 бейтап, амбулатордук түрдө 35 адам дарыланууда.

Стационарларда дарыланып жаткан 5 бейтаптын баарынын абалы оор.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 983 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 196 миң 360 киши айыгып чыкса, 2 миң 991 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий