• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда ар бир алтынчы нике ажырашуу менен аяктайт – Статистика комитети

Коом 0

Бишкек, 05.03.19. /Кабар/. Кыргызстанда катталган ар бир алтынчы нике ажырашуу менен аяктайт. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен кабарлашты.

Алардын изилдөөлөрүнө ылайык, айыл жергесинде 1 миң никеге 160 ажырашуу туура келет. Ал эми шаарларда бул көрсөткүч эки эсе жогору.

Биринчи ирет турмушка чыккан аялдар арасында орто жаш 23,7ни, ал эми эркектер арасында – 27,1 жашты түзөт. Салыштырмалуу 2013-жылдан тарта аялдар арасында турмуш куруу жашы 0,3кө, эркектер арасында 0,4кө жогорулаган.

Эң кызыктуусу калктын жалпы санынын көбүн аялдар түзөт. Бирок бул көрүнүш 40 жаштан улуулар арасында байкалат. Ал эми 80 жаштан улуулар арасында аялдардын саны эркектерден эки эсе көп.

Эмгекке жарамдуу жаштан кичүү аялдар менен эркектердин катышы 48,8%ы, эмгекке жарамдуу – 48,8% жана бул жаш категориясынан улуулар арасында 70%ы түзгөн.

Пикир

Оставить комментарий