• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда ар бир бешинчи аял кайсы бир учурда аборт жасаткан

Ден соолук 0

Бишкек, 21.11.18. /Кабар/. 2017-жылы Кыргызстанда 19 миң 486 аборт жасалган. Бул тууралуу “Коопсуз аборт боюнча медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жакшыртуу” аттуу жыйындын жүрүшүндө белгилүү болду.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына караганда, Кыргызстанда аборт төрөттү көзөмөлдөөнүн негизги ыкмаларынын бири бойдон калууда. Кыргызстандагы төрөй ала турган курактагы ар бир бешинчи аял (18%) качандыр бир кезде аборт жасаткан.

Коопсуз эмес аборттор үй-бүлөнүн пландоого болгон канааттандырылбаган талаптын, контрацептивдерди туура эмес колдонуунун, контрацепция тууралуу маалыматтын жоктугунун жана коопсуз аборт жасатуу боюнча кызмат көрсөтүүлөргө чектелген жеткиликтүүлүктүн жыйынтыгы болуп эсептелет.

Пикир

Оставить комментарий