• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда ар бир билим берүү деңгээлинде нускама, алгоритмдер иштелип чыкты

Коом 0

Бишкек, 14.09.21. /Кабар/. 2021-жылдын 15-сентябрынан тартып республика боюнча билим берүү уюмдары (мектепке чейинки, мектеп, мектептен тышкаркы, кесиптик билим берүү уюмдары, жогорку окуу жайлары) салттуу режимде өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп баштайт. Бул тууралуу брифинг учурунда мектепке чейинки билим берүү жана мектепке даярдоо башкармалыгынын башчысы Нурзида Касымова билдирди.

Анын айтымында, 2021-2022-окуу жылында билим берүү уюмдарында пандемия шарттарында окутуу-тарбиялоо процессин уюштуруу боюнча Билим берүү жана илим министрлиги менен Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан, ар бир билим берүү деңгээлинде атайын Нускама, алгоритмдер иштелип чыкты.

«Ага ылайык, билим берүү уюмдары менчигинин түрүнө жана формасына карабастан COVID-19 жайылышын алдын алуу боюнча санитардык-эпидемиологиялык талаптардын сакталышын камсыз кылууга, ошол эле учурда тарбиялануучулардын, окуучулардын, персоналдын, мугалимдердин жана алардын үй-бүлөлөрүнүн коопсуздугун камсыздоо жана ден соолугун коргоо боюнча бардык чараларды көрүүгө тийиш”, - деди Нурзида Касымова.

Белгилей кетсек, жогоруда аталган нускама жана алгоритмдердин толук вакриантын жогоруда аталган министрликтердин расмий сайтынан ала аласыздар.

Пикир

Оставить комментарий