• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда “Беш акын” теледолбоорунун 3-айлампасы башталды

Маданият 0

Бишкек, 19.03.21. /Кабар/. Кыргызстанда “Беш акын” теледолдоорунун үчүнчү айлампасы башталды. Бул тууралуу “ТҮРКСОЙдун” маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, жыл ичинде беш жолу адабий-музыкалуу кече уюштурулуп, жазма акындарды жарышка сала турган “Беш акын” теледолбоорунун үчүнчү айлампасы КТРКда башталып, калыстар тобунун 392 упайын топтоп, айлампанын биринчи кечесинин жеңүүчүсү болуп Кыялбек Урмамбетов аталды.

Анда айтылгандай, жазма акындардын бул жарышына 60тан жогорку жаштагы көрүнүктүү акындар Мая Осмонкулова, Жедигер Саалаев, Бурулкан Сарыгулова, Алтынай Темирова, Кыялбек Урмамбетов катышкан.

“Беш акын” теледолбоору бул жылы Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналат жана айрым тапшырмалар да ошого ыңгайлаштырылып түзүлгөн.

Акындарды жарышка салган “Беш акын” теледолбоорунун үчүнчү айлампасынын ачылышында Кыргызстандын ТҮРКСОЙдогу өкүлү Кожогелди Култегин, Кыргыз Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Нурланбек Калыбеков, КТРК директорунун орун басары Айбек Мусаев сөз сүйлөштү.

Анда баса белгиленгендей, ТҮРКСОЙ тарабынан демилгеленген жана каржыланган “Беш акын” теледолбоору 2015-жылы КТРК менен, 2018-жылы ЭлТР менен биргеликте уюштурулуп, көрүүчүлөрдүн көксөөсүн кандырган. Андыктан үстүбүздөгү жылы кайрадан КТРК менен обого чыгарылмакчы. Уюштуруу иштеринин бир катар бөлүгүн Кыргыз улуттук жазуучулар союзу аткарат.

Адаттагыдай эле 2-кечеде 50-60 жаштагы беш акын, 3-кечеде 40-50 жаштардагы беш акын, 5-кечеде 30-40 жашындагы беш акын, 5-кечеде 30 жашка чейинки беш акын күч сынашат. Соңку кече жалпы жеңүүчүлөрдү жана катышуучуларды сыйлоо аземи менен аяктайт.

Калыстар тобу “Беш акын” теледолбоорунун мурдагы жеңүүчүлөрүнөн жана көрүнүктүү акындардан, адабиятчылардан, музыка изилдөөчүлөрдөн түзүлгөн.

“Беш акын” теледолбоорунун 3-айлампасынын биринчи кечесинде ардактуу мейман катары Түрк жазуучусу, “Манас – Алтай тоолорунун арстаны” романынын автору Хайреттин Ивгин, Борбордук Азия жазуучулар жана тарыхчылар союзунун төрагасынын орун басары Жолдошбек Моңолдоров катышып, куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү.

Биринчи кеченин соңунда жеңүүчү Кыялбек Урмамбетов “Беш акын” теледолбоорунун эстафедасын кийинки 50-60 жаштардагы акындар катыша турган кеченин өкүлү Атахан Кожогуловго тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий