• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандын биринчи айымы "Ала-Тоо симфониясы" жайкы чыгармачыл мектебин ачты — сүрөт

Маданият 0

Бишкек, 25.07.23. /Кабар/. Чолпон-Ата шаарындагы "Алтын балалык" реабилитациялык комплексинде 24-июлда биринчи айым Айгүл Жапарованын колдоосу менен "Ала-Тоо симфониясы" аттуу биринчи жайкы чыгармачыл мектебинин салтанаттуу ачылышы болуп өттү.

Иш-чарага маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, Россиянын Гнесиндер атындагы музыка академиясынын ректору Александр Рыжинский, КР Жогорку Кеңешинин депутаттары жана белгилүү маданият ишмерлери катышты.

Биринчи айым өз сөзүндө Россиянын Гнесиндер атындагы музыка академиясынын профессорлоруна жана окутуучуларына ыраазычылыгын билдирип, мындан ары Кыргызстан менен Россиянын достугун жана маданий карым-катнашын чыңдоого багытталган биргелешкен долбоорлорду колдой тургандыгын белгиледи.

Айгүл Жапарова аталган чыгармачыл мектептин алкагындагы сабактар жаш музыканттардын кесиптик өнүгүүсү үчүн бекем негиз болот деген ишенимин билдирди.

"Маданиятты, классикалык музыканы жана балетти өнүктүрүү мен үчүн өзгөчө мааниге ээ. Аларда биздин улуттук иденттүүлүктү бекемдөөгө мүмкүндүк берген улуттук байлыгыбыз жатат. Ошондуктан бул чөйрөлөрдү ар тараптуу колдоо мен үчүн маанилүү", - деди биринчи айым.

Айгүл Жапарова белгилегендей, маданият деген - "бизди улут катары аныктап, баалуулуктарыбызды бекемдеп, коомдун өнүгүшүнө өбөлгө түзөт", ушуну түшүнүп, бүгүнкү күндө мамлекет маданият жана искусство чөйрөсүнө комплекстүү колдоо көрсөтүүгө умтулууда.

Маалымдама: Бул уникалдуу аянтча 23-июлдан тарта иштей баштаган. Ысык-Көлдүн жээгине Москвадан Россиянын Гнесиндер атындагы музыка академиясынын профессорлору жана окутуучулары, Кыргызстандын булуң-бурчунан келген музыкалык мектептердин таланттуу студенттери, ошондой эле Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын симфониялык оркестри жана балет труппасы келишти.

Жайкы мектептин алкагында Кыргызстандын таланттуу музыканттары үчүн музыкалык искусство чөйрөсүндөгү көрүнүктүү ишмерлер мастер-класстарды, сабактарды жана лекцияларды өткөрүшөт.

Пикир

Оставить комментарий