• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстан менен Франциянын парламенттер аралык кызматташтыгын өнүктүрүү талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 25.07.23. /Кабар/. Кыргызстандын Франциядагы элчиси Садык Шер-Нияз Франциянын Улуттук Ассамблеясынын президентинин дипломатиялык кеңешчиси Ариан Тришон менен жолукту.

КР ТИМден билдиришкендей, жолугушуу кыргыз тараптын демилгеси менен күн мурун, 24-июлда болуп өттү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө элчи С адык Шер-Нияз маектешинин назарына өлкөдөгү ички саясий өзгөрүүлөрдү, адам укуктарын, сөз эркиндигин чыңдоо боюнча жасалып жаткан иштер, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттары жана бейөкмөт уюмдар боюнча каралып жаткан мыйзам долбоорлору тууралуу маалыматтарды жеткирүүгө өзгөчө көңүл бурду.

Дипломатиялык кеңешчи Ариан Тришон кыргыз-француз мамилелеринин активдешүүсүн канааттануу менен белгиледи. Ошону менен бирге, эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүдө парламенттер аралык кызматташтыктын олуттуу ролун эске алуу менен тараптар кызматташтыкты мындан ары активдештирүүгө, анын ичинде эки өлкөнүн парламентарийлеринин ортосундагы визиттерди алмашуу ниетин ырасташты.

Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандын делегацияларынын Францияга эң жогорку жана жогорку деңгээлдеги иш сапарларынын алкагында Франциянын Улуттук Ассамблеясынын төрагасы менен жолугушууну өткөрүү боюнча макулдашууга жетишилди.

Жолугушуунун соңунда тараптар Кыргызстан менен Франциянын ортосундагы парламенттер аралык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнү активдештирүүгө даяр экендиктерин ырасташты.

Пикир

Оставить комментарий