• 88.68
  • 95
  • 0.95

Саламаттык сактоо министрлиги медицина кызматкерлерин кагаз документтеринен бошотот

Ден соолук 0

Бишкек, 25.07.23. /Кабар/. 2023-жылдын 20 июлунда "Санарип MED" санариптик саламаттыкты сактоону өнүктүрүүнүн максаттуу моделин ишке ашыруунун алкагында Саламаттык сактоо министрлиги Электрондук документтер формасында медициналык документтерди жүргүзүү бөлүгүндө саламаттык сактоо системасында документ жүгүртүүнү уюштуруу жобону бекитти.

Ведомстводон билдиришкендей, бул жобого ылайык, медицина кызматкерлери мындан ары кагаз бетинде жана маалыматтык системада баштапкы медициналык документтерди кайталоонун зарылдыгы жок, бул аларга бейтаптарга көбүрөөк убакыт бөлүүгө мүмкүндүк берет. Ошол эле учурда жарандарга электрондук кызматтардын мамлекеттик порталындагы санариптик ден соолук профилдеринде аларга көрсөтүлүп жаткан кызматтар тууралуу маалыматты көрүү мүмкүнчүлүгү берилет.

Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырованын пикиринде, бул тартип саламаттык сактоо уюмдарына кагаз иштерин этап-этабы менен токтотууга мүмкүндүк бере турган тармак үчүн негизги документ.

"Моюнга алуу керек, бүгүнкү күнгө чейин маалыматты кайталоо маселеси орун алган, бул санариптештирүү процессине кедергисин тийгизип, ага болгон ишенимди азайтат. Биз жигердүү алдыга жылып жатабыз, бирок дагы эле бардык медициналык документтерди кагаз түрүндө сактоого милдеттүүбүз. Эми биз акырындык менен кагаздан баш тартып, "санарипке" өтсөк болот" - деди Баатырова.

Буйрук 2023-жылдын 1-сентябрынан баштап күчүнө кирип, электрондук документтердин укуктук статусун бекитет жана электрондук медициналык документтерди түзүү, кол коюу, сактоо, анын ичинде алмашуу жана пациентке берүү боюнча талаптарды белгилейт.

Белгилей кетсек, кагазсыз документ жүгүртүүгө өткөнүнө карабастан, пациенттин тандоо укугу бар. Эгерде пациент же анын мыйзамдуу өкүлү медициналык документтердин дубликатын кагаз түрүндө алууну кааласа, саламаттык сактоо уюму мындай суроо-талапты кайрылган күнү канааттандырууга милдеттүү.

Пикир

Оставить комментарий