• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ысык-Көлдө "Ала-Тоо симфониясы" биринчи жайкы чыгармачыл мектеби салтанаттуу ачылды

Аймак 0

Бишкек, 25.07.23. /Кабар/. Күн мурун, 24-июлда Чолпон-Атада Кыргызстандын "Ала-Тоо симфониясы" биринчи жайкы чыгармачыл мектеби салтанаттуу ачылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маданий иш-чарага биринчи айым Айгүл Жапарова, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, Гнесин атындагы Россия музыка академиясынын ректору Александр Рыжинский баштаган кадырлуу коноктор, Жогорку Кеңештин депутаттары, бир катар көрүнүктүү маданият ишмерлери катышты.

"Ала-Тоо симфониясы" биринчи жайкы чыгармачыл мектеби КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Гнесин атындагы Россия музыка академиясынын биргелешкен долбоору болуп саналат. Бул чыгармачылык иш-чара эки өлкөнүн достук мамилесин бекемдөөгө өбөлгө түзөт.

Иш-чаранын жүрүшүндө көрүүчүлөргө Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын симфониялык оркестринин жана Россиядан келген бир катар опера ырчыларынын аткаруусундагы классикалык чыгармалар тартууланды.

Эске салсак, иш-чара бүгүн кечинде "Чыңгыз Айтматов атындагы "Рух-Ордо" маданий борборунда уланып, алгачкы жолу көгүлтүр көл жээгинде П.Чайковскийдин "Ак-куу көлү" балети ачык асман алдында тартууланат.

Ал эми, 25-29-июль күндөрү жайкы мектепке катышкан музыкалык мектептердин окуучулары фортепиано, скрипка, кларнет, жеке ырдоо, хор менен ырдоо адистиктери боюнча Россия музыка академиясынын окутуучуларынын лекцияларын угушат.

Пикир

Оставить комментарий