• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда бир катар товарларга КНСтин нөлдүк ставкасы белгиленди

Экономика 0

Бишкек, 30.12.22. /Кабар/. Кыргызстанда бир катар товарларга кошумча нарк салыгынын нөлдүк ставкасы белгиленди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, КР министрлер кабинетинин 2022-жылдын 27-декабряндагы № 717 токтому менен өзгөртүүлөр киргизилип 2023-жылдын 31-декабрына чейин айрым азык түлүк товарларына карата салык салынуучу жеткирүүлөргө жана салык салынуучу импортко нөл (0) пайыз өлчөмүндө кошумча нарк салыгынын (КНС) ставкасы бекитилди. Алар:

  • Өсүмдүк майы;
  • Инкубациялык тоок жумурткалар;
  • Айыл чарба малдардын тоюттары;
  • Арпа;
  • Сулуу;
  • Фарель балыгынын тоюттары;
  • Ири мүйүздүү малдар каралды.

Пикир

Оставить комментарий