• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда биринчи жогорку окуу жайы лицензиядан онлайн түрүндө өттү

Коом 0

Бишкек, 12.12.18. /Кабар/. Кыргызстанда биринчи жолу жогорку окуу жайы лицензия алуу үчүн электрондук каттоодон өттү. Бул тууралуу билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, министрлик тараптан электрондук лицензиялоо системасы иштелип чыккан. Бул лицензия берүүчү тарап менен арыз ээсинен ортосундагы түз байланышты жок кылып, коорупциялык тобокелдикти төмөндөтөт.

Аталган система сынамык режимде ишке киргизилип, жогорку окуу жайларында текшерүүдөн өтүүдө. Кечээ, 11-декабрда, Жалал-Абадда жайгашкан Эл аралык университети онлайт каттоодон өттү.

Жакынкы арада орто профессионалдык окуу мекемелеринде электрондук лицензиялоону текшерүү жүргүзүү пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий