• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда бизнес-коомчулуктун климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу жаатында улуттук саясатты иштеп чыгууга катышуусу талкууланды

Коом 0

Бишкек, 25.08.23. /Кабар/. Кыргызстандагы климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо боюнча иш-чараларды орто жана узак мөөнөттүү пландаштыруу жана ишке ашыруу үчүн Улуттук адаптация планын (УАП) иштеп чыгуу процессине көмөк көрсөтүүнүн алкагында БУУӨП климаттын өзгөрүшүнө адаптация жаатындагы улуттук саясаттарды иштеп чыгуу жана ишке ашырууга бизнес-коомчулуктун катышуу маселелерин талкуулады.

Сөз болуп жаткан климаттын өзгөрүшү мындан ары алыскы жана бүдөмүк келечек болуп саналбайт. Буга жакында эле болуп өткөн көнүмүш ченемдер жана мүмкүнчүлүктөрдүн чегинен чыгып турган кыйратуучу аба ырайынын көрүнүштөрү күбө болду. Бүгүн биз климаттык өзгөрүүлөрдүн биздин күнүмдүк жашообузга жана бизнеске тийгизген таасирлерин түздөн-түз сезип жатабыз. Аба ырайынын шарттарынын өзгөрүшү, суу ресурстарынын жеткиликтүүлүгүнүн чектелиши, айыл чарбасынын жемиштүүлүгүндөгү термелүүлөр, энергия чыгымдарынын көбөйүүсү, ошондой эле көбөйүп жаткан өзгөчө кырдаалдар жана инфраструктуралар үчүн тобокелчиликтер – мунун бардыгы шашылыш чечүүнү талап кылган жаңы чакырыктар.

Кыргыз Республикасы ушул глобалдуу көйгөйдөн четте калбайт. Тез өзгөрүп жаткан климаттын шарттарында биздин өлкөбүз жаңы чындыктарга ыңгайлашууга багытталган эл аралык демилгелерге активдүү катышып жатат. Бул процесстин маанилүү бөлүгү климаттык өзгөрүүлөрдүн кесепеттерин жумшартууга түрткү берүүчү иш-чараларды орто жана узак мөөнөттүү пландаштыруу жана жайылтууга күч-аракетти бир жерге топтой турган Улуттук адаптация планын иштеп чыгуу болуп калат.

КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министрлигине караштуу Климаттык финансылоо борборунун директору Азамат Темиркулов куттуктоо сөзүн сүйлөп жатып, ушул тапта тармактык адаптация пландарын иштеп чыгуу процесстери активдүү жүрүп жаткандыгын белгилеп өттү. Бул маселеге жакынкы айларда өзгөчө көңүл бурулмакчы.

“Үстүбүздөгү жылдын октябрь айына карата Климаттын өзгөрүшүнө улуттук деңгээлдеги жаңыланган салым кошуу боюнча план жактырылат. Климаттын өзгөрүшү барган сайын коомчулуктун бардык деңгээлдеринде координацияланган аракеттерди талап кылуучу актуалдуу жана олуттуу көйгөй болуп бара жатат. Улуттук адаптация планы өзгөрүп жаткан климаттын шарттарында биздин өлкөбүздүн экологиялык туруктуулугун жана жыргалчылыгын камсыздоого карай жолдо маанилүү кадам болмокчу”, - дейт Азамат Темиркулов.

Албетте жеке сектор биздин экономикабызда өтө маанилүү роль ойнойт. Анын динамикалуулугу, инновациялык потенциалы жана материалдык ресурстары климаттын өзгөрүшүнө карата адаптациялоо боюнча биздин пландарыбызды ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн аябагандай чоң мааниге ээ. Бул процессте ишканалар жана ишкерлер менен өнөктөш болуу экономикалык өнүгүүгө, ошондой эле курчап турган айлана-чөйрөнү коргоого өбөлгө түзүүчү өз ара пайдалуу кызматташууну билдирет.

БУУӨП ушул өз ара аракеттенишүүнүн орчундуу аспекттеринин бири катары инновацияларды демилгелейт. Жеке компаниялар парник гааздарынын саркындыларын азайтууга жана ресурстарды кыйла натыйжалуу пайдаланууга түрткү берүүчү жаңы, абдан эффективдүү технологияларды жана ыкмаларды иштеп чыгуу жана жайылтуу потенциалына ээ. Бул өзүнө экологиялык жактан таза өндүрүш процесстерин иштеп чыгууну, энергияны үнөмдөөчү чечимдерди жана калдыктарды башкаруунун жакшыртылган системаларын жайылтууну камтыйт.

Талкуу Кыргызстандын бинес-коомчулугунун өкүлдөрүнө климаттын өзгөрүшүнө адаптация жаатындагы актуалдуу демилгелер менен таанышуу мүмкүнчүлүгүн берди. Катышуучулар улуттук стратегиялык документтердин долбоорлорвун иштеп чыгуучуларга суроолорду берип, ошондой эле өз идеяларын жана сунуштарын документтердин долбоорлоруна киргизе алышты. Тажрыйба жана билимдерди алмашууга арналган ушул платформа климаттык өзгөрүүлөрдүн шарттарында туруктуу жана ыңгайлашкан бизнести калыптандырууга өбөлгө түзөт.

Климаттык өзгөрүүлөр тобокелчиликтерди эле эмес, ошондой эле жаңы мүмкүнчүлүктөрдү дагы алып келе тургандыгын эске алуу менен конференциянын уюштуруучулары бизнес-коомчулукту жана бардык кызыктар тараптарды ушул процесстин активдүү катышуучулары болуусуна чакырды. Жаңы реалдуулуктарга адаптация болуу тобокелчиликтерди эле азайтпастан, ошондой эле өнүгүү үчүн келечектерди дагы түзөт, өнүмдөрдү, рынокту жана өзгөрмөлүү климаттык шарттарда туруктуу иштөөгө жөндөмдүү келген коомчулукту калыптандырууга мүмкүнчүлүк берет.

Пикир

Оставить комментарий