• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда чоңдорго билим берүү декадасы старт алды

Коом 0

Бишкек, 20.09.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстанда бүгүн, 20-сентябрда чоңдорго билим берүү боюнча декада башталды. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Чоңдорго билим берүү кыргыз ассоциациясынын аткаруучу директору Чолпон Карагул кызы билдирди.

Анын айтымында, декада сентябрдын аягына чейин өлкөнүн бардык облустарында өтөт.

“Иш-чараны бүгүн саат 16:00дө Бишкектин “Ала-Тоо” аянтында китеп окуу боюнча флешмоб менен баштаганы турабыз. Декаданын алкагында чоңдор арасында айыл чарба, курулуш, өнөр жай, IT тармагында курстар өткөрүлөт. Окуу тармактын түрүнө жараша акысыз жана төлөп окууга бөлүнөт”, - дейт ал.

Аталган ассоциациянын директору эртеңден баштап чоңдорду окутуу боюнча тегерек стол, жолугушуулар жана бир катар иш-чаралар болорун маалымдады.

“Биздин ассоциация 15 жылдан бери иштеп келет. Бул аралыкта өлкө боюнча 12 миңден ашык адам биздин курстардан билим алды. Алсак, Балыкчы шаарында эң улуу окуучубуз, 72 жаштагы кемпир кол өнөрчүлүк тармагынан окууга катышты”, - деди ал.

Карагул кызы курстар тууралуу кененирээк маалыматты Чоңдорго билим берүү кыргыз ассоциациясынын расмий сайтынан алса болорун белгилейт.

“Тоолуу аймактарда жашаган жарандар жергиликтүү бийлик органдарына арыз менен кайрыла алат. Айыл өкмөттөргө деле кайрылса болот, алар өз учурунда бизге билдирет. Тайпа топтолсо биздин мугалимдер ал аймакка барат”, - дейт Чолпон Карагул кызы.

“Данида” коомдук фондунун директору Гүлжамал Үркүнбаеванын маалыматына караганда, курстар профессионалдык жана жарандык багытындагы болуп экиге бөлүнөт.

“Профессионалдык багыттагы курсту аяктагын жарандарга белгилүү стандарттагы сертификаттар берилет. Ал эми жарандык багыттагы курстар 2-3 күндүк эле болот. Ал ой жүгүртүүнү өзгөртүү, билим деңгээлин жогорулатууга багытталган. Маселен, үй-бүлөлүк баалуулук, тарбия жана финансылык сабаттуулук боюнча курсттарды айтабыз”, - деп сөзүн жыйынтыктады Үркүнбаева.

Пикир

Оставить комментарий