• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Бүгүн дагы 208 адамдан COVID-19 аныкталып, 3 бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 11.04.21. /Кабар/. Кыргызстанда 11-апрелге карата коронавирус дагы 208 адамдан табылды. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Бишкекте – 74, Ош шаарында – 6, Чүй облусунда – 47, Ысык-Көл облусунда – 16, Нарын облусунда – 7, Жалал-Абад облусунда – 1 адамдан илдет жаңы табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 112 адам коронавирустан айыгып чыккан. Алсак, Бишкекте – 80, Ош шаарында – 2, Чүй облусунда – 12, Ош облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 2, Жалал-Абад облусунда – 2, Нарын облусунда – 3 адам сакайды.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте 2, Чүйдө бир адам каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 838 бейтап, амбулатордук түрдө 978 адам дарыланууда. 600 бейтаптын абалы орто оордукта, 199 адамдын абалы оор жана 25 бейтап өтө оор абалда экендиги кабарланды.

“Бир сутка ичинде өлкө боюнча 4 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 4 миң 303 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 231 медкызматкер айыгып чыкты”, - деп айтылат маалыматта.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 90 миң 227 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 85 миң 925 киши айыгып чыкса, 1 миң 522 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий