• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда дагы 22 адамда коронавирус аныкталды. Жалпы 590

COVID - 19 0

Бишкек, 21.04.20. /Кабар/. Кыргызстанда 21-апрель саат 10:00гө карата коронавирус жуктурган дагы 22 жаңы учур катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтуусуна караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 590 адамга жетти.

"Жаңы учурлардын ичинен Бишкек шаарында - 8, Ош облусунда - 3, Ош шаарында - 6 жана Нарын облусунда 5 учур катталды", - дейт ал.

Тастыкталган 590 учурдун ичинен;

  • Жалал-Абад облусунда – 105
  • Ош облусунда – 150
  • Ош ш. – 93
  • Чүй облусунда – 32
  • Бишкек ш. – 123
  • Баткен облусунда – 6
  • Нарын облусу – 73
  • Ысык-Көл облусунда – 8. Алардын ичинен 321 – аял киши, 269 – эркек киши.

Пикир

Оставить комментарий