• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда дагы 69 адамда COVID-19 табылды. Көбү Бишкек шаарында

COVID - 19 0

Бишкек, 01.06.20. /Кабар/. Кыргызстанда 1-июнь саат 10:00гө карата коронавирус жуккан жаңы 69 учур катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтуусуна караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 1 миң 817 адамга жетти.

"Сутка ичинде катталган жаңы учурлар Бишкек шаарында - 21, Чүй облусунда - 6, Нарын облусунда - 14, Ош шаарында - 9 жана Ош облусунда - 1. Ошондой эле Россиядан келген курсанттардын арасынан дагы 18 жаңы учур катталды", - дейт ал.

Үсөнбаев кошумчалагандай, 69 учурдун 18и сырттан келгендер. Ал эми байланышта болгон 46 адамда коронавирус табылган.

"Беш учурдун кандай жагдайда жуккандыгы аныктала элек", - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий