• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда дагы үч медик коронавирус жуктуруп алды

COVID - 19 0

Бишкек, 11.09.20. /Кабар/. Кыргызстанда дагы үч медик коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.

Анын айтымында, Баткен облусунда бир, Жалал-Абад облусунда бир, Ош шаарында бир медик илдетке кабылды.

"Ал эми бир суткада ооруканалардан 7 медкызматкер жана үй карантининен 15 медкызматкер айыгып чыгарылган. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3 миң 163 учур катталды, алардын ичинен 2 миң 657 медкызматкер айыгып чыкты", - дейт ал.

Белгилей кетсек, 11-сентябрга карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуккан учурлардын саны 44 миң 761ди түзөт. Алардын ичинен 40 миң 631 киши айыгып чыкты, 1 миң 63 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий