• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

"Defindex" аскердик-өнөр жай көргөзмөсү кийинки жылы өткөрүлөт - Энергетика министрлиги

Коом 0

Бишкек, 05.10.21. /Кабар/. 5-8-октябрда Бишкек шаарында өтө турчу "Defindex" аталышындагы биринчи эл аралык аскердик-өнөр жай көргөзмөсү быйыл өткөрүлбөйт. Бул тууралуу КР Энергетика жана өнөр жай министрлигинин басма сөз көзматы билдирет.

Маалыматка ылайык, "Defindex" атадышындагы биринчи эл аралык аскердик-өнөр жай көргөзмөсү Кыргызстанда 2022-жылы өткөрүлөт.

Энергетика министрлигинен аскердик-өнөр жай көргөзмөсүн кийинки жылга калтыруу эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу экенин белгилейт. "Анын негизги себеби учурдагы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу, катышуучулардын ден-соолугуна терс залакасын тийгизип койбоо негизги максат болду. Аталган көргөзмө 2022-жылы өткөрүлөт", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий