• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда Дизайнерлер жана кол өнөрчүлөр ассоциациясы түзүлдү

Коом 0

Бишкек, 28.02.23. /Кабар/. Соода-өнөр жай палатасынын алдында Дизайнерлердин жана кол өнөрчүлөр ассоциациясы түзүлдү.

Соода-өнөр жай палатасынан белгилешкендей, ири ассоциация түзүү чеберлердин эл аралык рынокто өз кызыкчылыктарын жылдырууга мүмкүндүк берет.

"Улуттук сувенирлерди биз расмий жолугушууларда көп беребиз, бирок биз – калпак, чапан жана башка сувенир, буюмдардын сапатын жана дизайнын жакшыртуубуз керек. Дүйнөлүк рынокто төмөн сорттогу товарларга чыдабай, биздин кол өнөрчүлөр тууралуу сөз кылуу үчүн, биз кол өнөрчүлөрдүн буюмдарын илгерилетүү үчүн гана эмес, ошондой эле алардын профессионалдык кызыкчылыктарын, анын ичинде эл аралык рынокто да коргоо үчүн кол өнөрчүлөр ассоциациясын түздүк", - деди Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев.

Ошондой эле Сариев кошумчалагандай, жаңы ассоциация ата мекендик усталардын кесиптик кызыкчылыктарын коргоого жардам берет.

Дизайнерлер жана кол өнөрчүлөр бирикмесинин курамына "Тумар", "Накта", "Элдик кол өнөрчүлүк союзу", "Кыргыз стили", "Алтын кол Нарын, Алай" жана башка ири бирикмелер кирет.

Пикир

Оставить комментарий