• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанда "Экспорт кербени" маалымат компаниясы өтүүдө

Экономика 0

Бишкек, 12.12.23. /Кабар/. Кыргызстандын бардык аймактарында 11нен 22-декабрга чейинки мезгилде "Экспорт кербени" маалымат компаниясы өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чара өлкөнүн экспортерлоруна ата мекендик товарларды тышкы рынокко чыгарууга көмөк көрсөтүү максатында Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борборунун катышуусу менен өткөрүлүүдө.

Бул иш-чаранын максаты Кыргызстандын бизнес-коомчулугуна продукцияны өндүрүү жана экспорттоо маселелерине байланыштуу инновациялар жана тенденциялар жөнүндө маалымат берүү, ошондой эле ишкерлердин эл аралык жана бизнес-конференцияларга катышууга көмөк көрсөтүүгө чейин тышкы рынокко чыгуу муктаждыктарын аныктоо, региондук иш-чаралар (көргөзмөлөр, жарманкелер, соода миссиялары), продукцияны экспорттоо боюнча келишимдерди түзүү болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий