• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда январь-февраль айларында 168,7 миң тонна сүт өндүрүлгөн

Экономика 0

Бишкек, 18.03.22. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын эки айында республикада 168,7 миң тонна сүт өндүрүлгөн. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,8 миң тоннага, же 1,7 пайызга көптүк кылат.

“Сүт өндүрүүнүн көлөмү Баткен облусунан тышкары республиканын бардык облустарында көбөйгөнүн байкоого болот, Баткен облусунда ийри мүйүздүү малдын санынын азайышынан улам сүт өндүрүүнүн көлөмү кыскарган”, - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, республикада сүт өндүрүүнүн өсүү темпи эң көбүүрөк Ысык-Көл облусунун чарбаларында - 102,5 пайыз, Жалал-Абад – 102,4 пайыз жана Чүй облусунун чарбаларында- 102,6 пайыз байкалган.

Пикир

Оставить комментарий