• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстандын чек арасынан бир нече жолу мыйзамсыз өткөн казак жараны кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 18.03.22. /Кабар/. Кыргызстандын чек арасынан мыйзамсыз өткөн казак жараны кармалды, - деп билдирет Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча жүргүзгөн иш-чара учурунда чет өлкөлүк жаран бир нече жолу мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өткөндүгү жөнүндө маалымат алышкан.

2022-жылдын 15-мартында жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында Бишкек шаарынын аймагынан Казакстандын жараны 1969-жылы туулган З.Ф., кармалган.

З.Ф. нын айтуусунда, ал 2019-жылы Казакстандагы компанияларга ири суммадагы акча каражатын карыз болуп калгандыктан жана аны төлөөдөн качуу максатында 2019-жылы Кыргызстандын мамлекеттик чек арасынан мыйзамсыз өткөн.

Алынган маалымат боюнча, анын Кыргызстанга келгендиги тууралуу маалыматтар жок.

Бул факт боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренесинин 1-бөлүмү ("КРнын мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү") менен кылмыш иши козголду.

Учурда кошумча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий