• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда эмгек мигранттарын Санкт-Петербургда жумушка алуу боюнча борбор ачылат

Коом 0

Бишкек, 25.02.19. /Салтанат Абдраева – Кабар/. “Эмгек ресурстар борбору” Санкт-Петербургдун мамлекеттик автономдук мекемеси Кыргызстанда жана Тажикстанда эмгек мигранттарын жумушка алуу боюнча рекрутинггдик борборлорду ачат. Бул тууралуу мекеменин расмий сайтында жарыяланган.

2019-жылдын аягына чейин Кыргызстандын бир шаарында жана Тажикстандын 3 шаарында аталган борборлорду ачуу пландалууда. Бул борборлор жергиликтүү калкты Санкт-Петербургга жумушка чакырып, миңге жакын адамды жумуш менен камыз кылат.

“Эмгек ресурстар борбор” төрт борборду түзүү боюнча сынак жарыялаган.

Борбор тарабынан бул максаттарга 6,6 млн. рубль бөлүнгөн.

Пикир

Оставить комментарий