• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жаздын алгачкы күндөрүндө аба ырайы кандай болот? Синоптиктердин жообу

Коом 0

Бишкек, 25.02.19. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору жакынкы күндөргө карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Маалыматка ылайык, 26нан 28-февралга чейин жаан-чачын күтүлбөйт.

Жаздын алгачкы күнү 1-мартта болсо түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз тоолуу райондордо бир аз кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

2-мартта жаан-чачын күтүлбөйт. Тоо этектериндеги жана тоолуу райондордо автожолдор тоңголок, тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет.

Ал эми 3-4-март күндөрү мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Абанын температурасы бир аз төмөндөйт.

Пикир

Оставить комментарий