• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда эми жыл сайын Жусуп Баласагын күнү белгиленет

Коом 0

Бишкек, 23.12.23./Кабар/. Кыргызстанда эми жыл сайын Жусуп Баласагын күнү белгиленет. Мындай чечим 22-декабрда министрлер кабинетинин 2023-жылдагы жыйынтыктоочу жыйынында кабыл алынды.

Министрлер кабинетинен кабарлашкандай, залкар ойчул Жусуп Баласагындын чыгармачылыгын сактоо, өнүктүрүү жана кеңири жайылтуу максатында 21-сентябрь Кыргызстанда жыл сайын белгиленүүчү Жусуп Баласагын күнү деп белгиленген чечим кабыл алынды.

Белгилей кетсек, жыл жыйынтыгын чыгарган отурумда министрлер кабинетинин мүчөлөрү 18 маселени карашты. Анын жүрүшүндө министрлер кабинетинин 2024-жылга карата иш планы бекитилди.


Маалымат үчүн: Жусуп Баласагын Хасс Хажиб — Карахан доордыгы акыны, ойчулу, жазуучусу.

Караханиддер мамлекетинин борборунда Баласагун шаарында атактуу жана бай үй-бүлөдө туулган. Турмушу тууралуу көп маалымат сакталган эмес. Философия, математика, дары-дармек, астрономия, астрология, көркөм өнөр, адабият, тил илими жана башка илимий тилдерде окуган, жазгандарга үлгү кылып өз китебин жазып баштаган жана дүйнөлүк адабият, маданиятка Кутадгу билиг (Кут алчу билим, же Куттуу билим) аркылуу таанылган.

Жусуп Баласагын бул поэманы хижрий жыл санагы боюнча 462-жылы, (1070-жылы) жазып бүтүргөн. Дастан «Хандардын ханы» Карахан мамлекеттин негиздѳѳчүсү (942 - 1210) Сулайман Арслан-ханга (908 - 955) тартууланган. Ошол себептен Жусуп Баласагынга "чыныгы хажиб" - же "чыныгы адис" деген наам берилип, "башкы кеӊешчи" кызматына дайындалган.

Пикир

Оставить комментарий