• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Төрөбаев: Түндүк–Түштүк альтернативдүү жолу эксплуатацияга берилет

Өкмөт 0

Бишкек, 23.12.23./Кабар/. Түндүк–Түштүк альтернативдүү жолу эксплуатацияга берилет. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча Министрлер Кабинетинин жыйынында билдирди.

Бакыт Төрөбаев 2024-жылдагы жасалуучу иштерге токтолуп жатып, транспорт жана жол тармагында аткарыла турган иштерди тизмектеди.

“Түндүк–Түштүк альтернативдүү жолу эксплуатацияга берилет. Балыкчы–Чолпон-Ата–Корумду жолунда асфальт төшөө иштери аягына чыгарылат. Түп–Кеген, Каркыра–Турук–Сары-Жаз, Балыкчы–Бөкөнбаев– Барскоон, Нарын–Баетово, Ала-Бука–Жаны-Базар–Кировка, Ош–Баткен–Исфана жолдорун реконструкциялоо иштери улантылат, Корумду–Балбай Баатыр автожолун реконструкциялоо иштери башталат. Кытай менен 3-альтернативдүү жол-Бедель жаңы өткөрмө пункту пайда болот. Эркештамда 4 тилкелүү “Достук-Көпүрөсү” ачылат”, - деди ал.

Ошондой эле, туризмди өнүктүрүү максатында да бир топ иштер аткарылат.

“Каракол–Тоо лыжа базасы, Базар-Коргон–Кызыл-Үнкүр, Чыйырчык жана Сары-Челекке кеткен жолдордо Ала-Арчадагыдай шарттары бар жаңы типтеги жерлер ачылат. 500 км кем эмес жолдорду оңдоо пландалууда. Сузакта айына 1000 тонна чыгаруучу битум завод ачылат, жылдык өндүрүштү 30 миң тоннага жеткизебиз.

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу иштери алып барылат. 20 км Балыкчы-Кочкор темир жолу салынат”, - деп билдирди.

Кийинки жылы транспорт жана жол тармагында аткарыла турган иштерди жыйынтыктап жатып Бакыт Төрөбаев, түштүк транспорт коридору аркылуу Кыргызстан–Өзбекстан–Түркмөнстан–Каспий деңизи менен Азербайджан, Россия, Түркия жана Европага багытына чыгуу боюнча иштер жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий