• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда «Евразиялык соода-логистикалык комплекс» инвестициялык долбоору ишке ашырылат

Өкмөт 0

Бишкек, 08.12.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кытай Эл Республикасынын экономиканын жеке секторундагы эл аралык кызматташтык боюнча соода-өнөр жай палатасынын төрагасынын орун басары Лу Ян жетектеген делегация менен жолугушту.

Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров мурда жетишилген макулдашуулар практикалык иш чараларга өтүп жатканын белгиледи.

«Бүгүнкү күндө Кыргызстан менен Кытай көптөгөн тармактарда ар тараптуу кызматташууну активдештирди жана бул, албетте, биздин эки тараптуу өз ара аракеттенишүүнүн кең келечегинен кабар берет. Биз Кытайдын соода-өнөр жай палатасы менен кызматташууга жана инвестициялык долбоорлор боюнча жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга кубанычтабыз», - деди ал, ошондой эле энергетика тармагына жана энергиянын кайра жаралуучу булактары жаатындагы долбоорлорго Кытай тарапка инвестиция салуу маселесин кароону сунуштады.

Экономиканын жеке секторундагы эл аралык кызматташтык боюнча Кытайдын соода-өнөр жай палатасынын төрагасынын орун басары Лу Ян өз кезегинде, инвестиция тармагында эки тараптуу кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө даяр экендигин билдирди.

Жыйындын алкагында КР министрлер кабинети менен «Кыргыз-Кытай инвестициялык холдинг» ЖЧКсынын ортосунда «Евразиялык соода-логистикалык комплекс» инвестициялык долбоорун ишке ашыруу боюнча инвестициялык макулдашууга кол коюу аземи болду.

Жогоруда аталган долбоор жалпы инвестициялык көлөмү 700 миллион АКШ доллары менен Чүй облусунда ишке ашат жана төмөнкүлөрдү камтыйт: соода шаары, эл аралык көргөзмө борбору, кампа жана бажы зоналары менен логистикалык борбор, ири жабдуулар үчүн базарлар, турак-жай жана мейманкана комплекстери.

Пикир

Оставить комментарий