• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда Глобалдык жашыл өсүш институтунун кеңсеси ачылат

Президент 0

Бишкек, 27.02.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров “2023-жылдын 27-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган министрлер кабинети менен Глобалдык жашыл өсүш институтунун ортосундагы Глобалдык жашыл өсүш институтунун (GGGI) укуктук статусу, артыкчылыктары жана иммунитеттери тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 17-январында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Макулдашууга ылайык Бишкек шаарында GGGIнин жергиликтүү кеңсесин ачуу пландалууда, ал тараптардын ортосундагы теңдик жана өз ара аракеттенүүнүн негизинде кызматташууга көмөктөшөт жана Кыргыз Республикасында “жашыл” экономиканы өнүктүрүүгө олуттуу салым кошот.

GGGIнин негизги иши “жашыл” экономикалык өсүшкө багытталган долбоорлорго техникалык жардам көрсөтүү жана финансылык каражаттарды мобилизациялоо болот.

Буга чейин Кыргыз Республикасы 2012-жылдын 20-июнунда Рио-де-Жанейро шаарында кол коюлган Глобалдык жашыл өсүш институтун түзүү тууралуу макулдашууга 2019-жылы кошулду (Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 9-декабрындагы № 136 "2012-жылдын 20-июнунда Рио-де-Жанейро шаарында кол коюлган Глобалдык жашыл өсүш институтун түзүү тууралуу макулдашууга Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө" Мыйзамы).

Пикир

Оставить комментарий