• 88.68
  • 95
  • 0.95

Президент Март элдик революциясынын 15 жылдыгына байланыштуу кайрылуу жасады

Президент 0

Бишкек, 24.03.20./Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-мартта, Март элдик революциясынын 15 жылдыгына байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылуу жасады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Мамлекет башчысынын кайрылуусунун тексти:

«Урматтуу мекендештерим!

Бүгүн „Жоогазын революциясына“ — 2005-жылдын 24-мартындагы элдик революцияга 15 жыл болду.

Байыркы кыргыз элинин зордук-зомбулук жана адилетсиздик менен эч убакта келишпеген, эркиндикти туу туткан каарман калк экени дүйнөгө билинди.

24-март Кыргызстандагы демократиялык өнүгүүлөргө из салган орчундуу окуя катары тарыхта калат.

Урматтуу мекендештер!

Кайсыл жерде тынчтык, биримдик, мыйзамдуулук болсо, ошол жерге инвесторлор агылып келет. Коомдук-саясий туруктуулук орноп, өнүгүү болот.

Биз муну унутпашыбыз керек. Бийлик да, коом да бул окуялардан сабак алууга милдеттүү.

Сүйүктүү Кыргызстаныбыздын асманы ар дайым ачык болсун!

Жаратканыбыз Кыргызстанды колдосун, элибизге ынтымак, жерибизге ырыс-береке берсин!»

Пикир

Оставить комментарий