• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Германия кыргыз өкмөтүнө 40,1 млн. евро грант берет

Президент 0

Бишкек, 05.04.19. /Кабар/. Германия финансылык жана техникалык кызматташтык үчүн кыргыз өкмөтүнө 40,1 млн. евро өлчөмүндө гранттык каражат берет. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Президент Сооронбай Жээнбеков «2018-жылдын 13-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган кыргыз өкмөтү менен Германиянын өкмөтүнүн ортосундагы 2017-2018-жылдарга финансылык кызматташтык жөнүндө макулдашууну жана КР өкмөтү менен ГФР өкмөтүнүн ортосундагы 2017-2018-жылдарга техникалык кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзамга кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 20-мартында кабыл алынган.

Аталган макулдашуулардын алкагында Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө эки тараптуу финансылык жана техникалык кызматташтык үчүн 40,1 млн. евро өлчөмүндө гранттык каражаттар берилет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий