• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда интернет колдонуучулар түштүк аймактарга караганда түндүктө көп

Коом 0

Бишкек, 16.01.18. /Жамиля Жакыпбекова - Кабар/. Бүткүл дүйнөлүк желенин колдонуучулары түштүк аймактарга салыштырмалуу түндүк региондордо көп (64% жана 55%), ал эми Бишкек шаарында жашоочулардын 80%дан ашыгы интернетти колдонушат. Бул тууралуу “Сорос Кыргызстан” Фондунун жана M-Vector компаниясынын “Кыргызстан калкынын медиа баалоосу” деген изилдөөсүндө айтылат.

Маалымдалгандай, Кыргызстанда интернет колдонуучулардын жалпы көрсөткүчү 59% түзөт.

“Шаарларда 73% тургундар интернетти колдонушат. Ошол эле учурда айылдарда алардын саны 52%ды түзөт. Социалдык тармактарды калктын 46% колдонушат. Жалпысынан социалдык тармактарда бир жолку отуруунун узактыгы 2 сааттан кем эмес убакытты алат. Колдонуучулар арасында белгилүү социалдык тармактар - Одноклассники (35%), Instagram (23%) жана Facebook (13%)”, - деп айтылат билдирүүдө.

Кыргызстанда уюлдук телефон – калкка интернетти жеткиликтүү кылган негизги девайс экенине басым коюлат. Эң кеңири жайылган мессенджердик тиркеме WhatsApp, калктын 96%ы анын колдонуучулары болуп саналышат.

70% колдонуучу үчүн социалдык тармактарды колдонуунун башкы максаты – баарлашуу, 40%дан бир аз ашыгы жаңылыктар түрмөгүн карашса, 25% зарыл, анын ичинде билим берүү деңгээлин көтөрүү үчүн маалыматтарды издешет.

Изилдөөнүн авторлору бардык маалыматтар үй-бүлө мүчөлөрүнүн саны орто болгон 2 миң 167 үй чарбасын сурамжылоонун негизинде келтирилген.

Пикир

Оставить комментарий