• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте коммуналдык кызматтардын кызматкерлеринин айлыгы көтөрүлдү

Коом 0

Бишкек, 16.11.22. /Кабар/. Бишкек мэри Эмилбек Абдыкадыров коммуналдык кызматтардын кызматкерлеринин айлык акысын көтөрдү. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, “Бишкексвет”, “Тазалык”, “Бишкекжашылчарба”, “Бишкексуучарба”, “Бишкек шаардык аза кызматтары агенттиги” жана Мобилизациялык резервдин материалдарын сактоо кызматынын кызматкерлеринин айлык акысы көтөрүлөт.

Белгиленгендей, жакын арада аталган кызматтардын кызматкерлеринин тамак-ашына жана транспорттук чыгымдарына кошумчалар эске алынып, кайра эсептөөлөр жүргүзүлөт.

Кошумча маяна муниципалдык ишканалардын кызматкерлерине каржылык колдоо көрсөтүү жана кадрлардын алмашуу пайызын азайтуу максатында берилет.

Пикир

Оставить комментарий