• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Москвада оор кырдаалга кабылган кыргызстандыктар мейманканада бекер жашай алышат

Коом 0

Бишкек, 17.01.23. /Кабар/. Москва шаарында оор кырдаалга кабылган кыргызстандыктар Россиянын темир жол мейманканасында бекер жашай алышат. Бул тууралуу КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, мындай макулдашууга КР Эмгек министрлигинин Москва шаарындагы өкүлчүлүгү жетишкен.

"Мейманканада 3 адамга чейинки номер бир эле убакта жарандардын документтерин тариздөө/калыбына келтирүү жана аларды Кыргызстанга жөнөтүүгө даярдоо убагына берилет. Жарандар өкүлчүлүккө төмөнкү дарек боюнча кайрыла алышат: Москва ш., Малая Полянка көч., 7, 5-бет; тел: +7 495 197 76 71", - деп айтлат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий