• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кырсык 0

Бишкек, 14.05.21. /Кабар/. Кыргызстанда күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталды.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө бүгүн, 14-майда болжол менен саат 15:54төр чамасында Ош облусунун аймагында катталып, очогунда күчү 6 баллга жеткен.

Жер титирөө Кыргызстандын калктуу конуштарында: Бор-Дөбө айылында - 5 балл, Талды-Суу Арча-Булак, Сары-Могол, Сары-Таш, Кара-Кабак, Кашка-Суу, Ачык-Суу – 4 балл, Нура, Икизяк, Иркештам, Геджиге, Кичи-Каракол, Ак-Талаа,Чий-Талаа, Көлдүк, Терек, Сопу-Коргон, Жергетал, Ак-Жай, Чоң-Каракол, Кызыл-Алай, Ак-Босого, Ак-Жылга, Коджо-Келен, Кичи-Алай, Кабык, Кызыл-Эшме, Даарот-Коргон, Кара-Шыбак, Жар-Бады, Шибээ, Карамык, Кара-Тейит, Кулчу, Чак, Жаш-Тилек жана Лангар айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Алдын ала алынган маалыматка караганда, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий