• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда күчү 7 баллга жеткен жер титиреди

Коом 0

Бишкек, 3-май /Кабар/. Кыргызстанда күчү 7 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу КР ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматы боюнча, бүгүн жергиликтүү убакыт боюнча 10:47де Кыргызстанда КР УИА Сейсмология институтунун сейсмостанциясы очогунда күчү 7 баллга жеткен жер силкинүүнү каттаган.

Сейсмология институтунун алдын ала маалыматтары боюнча, жер титирөөнүн очогу Тажикстандын аймагында Карамык айылынан түштүк-батышка 47 км, Шибээ айылынан түштүк-батышка 55 км, Баткен шаарынан түштүк-чыгышка 120 км, Ош шаарынан түштүк-батышка 192 км жерде жайгашкан.

Кыргызстандын калктуу аймактарында жер титирөөнүн күчү Шибээ, Карамык айылдарында – 5 балл, түштүк облустун айылдарында – 4 баллга жетти. Кыйроолор тууралуу маалыматтар түшкөн жок. Кошумча маалымат берилет.

Пикир

Оставить комментарий