• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда кайсы ГЭСтерди реабилитациялоо иштери жүргүзүлүүдө?

Экономика 0

Бишкек, 21.02.20. /Кабар/. Бүгүн "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында "Улуттук энергетикалык холдинг" ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Айтмамат Назаров Кыргызстанда кайсы ГЭСтерде реабилитация иштери жүргүзүлүп жатканын (баштоо алдында турганын) жана кимдер тарабынан каржыланып жатканын айтып берди.

Ал ГЭСтерди реабилитациялоо боюнча долбоорлор эл аралык каржы институттар – Азия өнүктүрүү банкы, Европа өнүктүрүү банкы, Европа инвестициялык банкы жана Ислам инвестициялык банкы тарабынан каржыланып жатканын айтты. Анын айтымында, берилип жаткан каражаттардын бир бөлүгү, тагырагы 35%ы грант катары берилүүдө.

"2019-жылы Токтогул ГЭСин реабилитациялоо иштеринин биринчи фазасы аяктаган. Учурда экинчи жана үчүнчү фазасы жүрүүдө. Долбоордун суммасы 181 млн долларды түзөт. Аны менен катар бир нече долбоорлор жүрүп жатат: Камбар-Ата-2де экинчи гидроагрегатын куруу боюнча иштер (110 млн доллар каралган), Үч-Коргон ГЭСин реабилитациялоо (баштоо алдында турат, техникалык-экономикалык негиздеме боюнча 160 млн доллар) жана Ат-Башы ГЭСин реабилитациялоо – 17 млн доллар каралган", - деди ал.

Ал белгилегендей, "CASA 1000" долбоору боюнча курулуш иштери баштоо алдында турат.

"Быйыл апрель айынын аягында капсула салабыз деген оюбуз бар", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий