• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда коррупциялык схема аныкталды. Транспорт министрлигинин кызматкерлери кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 11.06.20. /Кабар/. Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы тарабынан Транспорт жана жолдор министрлигинин Бишкек-Ош жолу боюнча мамлекеттик дирекциянын жетекчиси жана «Сосновка», «Кара-Көл» тоннель бекеттеринин башчылары кармалды. Бул тууралуу аталган кызматтан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Транспорт жана жолдор министрлигинин Бишкек-Ош жолу боюнча мамлекеттик дирекциясына караштуу бөлүмдөрдө “масштабдуу коррупциялык схема” аныкталып, дирекциянын башкы директору “Ж.Б” жана «Сосновка», «Кара-Көл» тоннель бекеттеринин башчылары «Ж.К.» жана «К.С.». кармалды.

Бүгүнкү күндө бул иш алкагында коррупцияга шектүү катары министрликтин структуралык бөлүмдөрүнүн 12 жооптуу кызматкери кармалды.

Алдын ала маалымат боюнча , мамлекетке келтирилген зыян 20 млн сомду түзөт.

Азыркы учурда коррупциялык схемага тиешеси бар башка да кызматкерлерди аныктоо иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий