• 88.33
  • 95.26
  • 0.96

Кыргызстанда лыжа мектептерине 300дөн ашык швейцариялык жабдуулар таратылат

Спорт 0

Бишкек, 20.06.23. /Кабар/. Балдардын жана өспүрүмдөрдүн лыжа мектептерине 300дөн ашык комплект лыжа жабдуулар таратылат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Айбек Абдымомунов билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө лыжа спорту жаатында адистештирилген мектептер Нарын, Каракол, Бишкек жана Орловкада иштеп жатат. Алдыда Ош жана Жалал-Абад облустарында дагы лыжа мектептерин ачуу пландалууда.

"Лыжа жабдууларын швейцариялык компания акысыз негизде берди. Биз жабдуулардын топтомун аймактардагы мектептерге калыс бөлүштүрүп беребиз. Өлкө боюнча лыжа спортун өнүктүрүүгө ниеттенип жатабыз жана бул үчүн бизде бардык мүмкүнчүлүктөр бар. Биз жергиликтүү мелдештерге квалификациялуу калыстарды даярдайбыз, ошондой эле эл аралык тажрыйбасы бар машыктыруучуларды тартабыз. Күзүндө Европадан машыктыруучу келет деп күтүп жатабыз", - деди Абдымомунов.

КР Лыжа тебүүчүлөр ассоциациясынын директору Нурсултан Кыдыковдун айтымында, лыжа спортун колдоо жана өнүктүрүү спортчуларды таанытууга эле салым кошпостон, Кыргызстандын кышкы туризмине да оң таасирин тийгизет.

"Кышкы спорт биздин кызматтардан башталат. Биз спортчуларыбызды окутуунун методикасын иштеп чыгабыз. Эл аралык ассоциациялар жана федерациялар менен келишимибиз бар, алар менен кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрүн изилдеп жатабыз. Мындай сүйлөшүүлөр Швейцария, Австрия жана Германиядан келген өнөктөштөр менен жүргүзүлүүдө", - деди Кыдыков.

"Кыргыз лыжа спорту" федерациясынын президенти Бакыт Түлөжановдун айтымында, акыркы эки жылда өлкөдө кышкы спорт түрүнө өзгөчө көңүл бурулууда. Дене тарбия жана спорт департаменти эл аралык турнирлерге катышууга жолдомо берүүчү ар түрдүү мелдештерди өткөрүп келет.

"Өткөн жылы декабрь айында Караколдо биринчи республикалык "Мен - чемпион" кышкы оюндары өттү. Ага лыжа жарышы, тоо лыжасы жана хоккей боюнча 300дөн ашык спортчу катышты. Жакшы жыйынтык көрсөткөндөр "Азия балдары" эл аралык спорттук оюндарында Кыргызстандын намысын коргошту", - деп сөзүн жыйынтыктады Түлөжанов.

Пикир

Оставить комментарий