• 88.68
  • 95
  • 0.95

Таш-Көмүрдө дайынсыз жоголгон баланы издөө иштери уланууда

Кырсык 0

Бишкек, 20.06.23. /Кабар/. Таш-Көмүр шаарында дайынсыз жоголгон баланы издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 15-июнда саат 10:30 чамасында Таш-Көмүр шаарынын Новостройка айылында 7 жаштагы Н.Т. аттуу бала үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.

Бала Нарын дарыясына түшүп кетиши мүмкүн деп божомолдонууда. 19-июнда издөө иштерин жүргүзүү максатында жерине 18 куткаруучу, 2 милиция кызматкери жана жергиликтүү тургундардан 9 адам тартылган. Кеч киргендигине байланыштуу издөө иштери убактылуу токтотулду. Натыйжа болгон жок.

Бүгүн, 20-июнда издөө иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий