• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Дзюдо боюнча Америка чемпионатында бишкектик спортчулар өз өнөрлөрүн көрсөтүштү

Спорт 0

Бишкек, 31.07.23. /Кабар/. Бишкек мэриясынын спорттун күжүрмөн түрү боюнча спорт мектебинин дзюдочулары, Кыргызстандын курама командасынын спортчулары дзюдо боюнча Американын ачык чемпионатына (U.S. Open Judo Championships) катышты.

Чемпионат 27-30-июль күндөрү Форт-Лодердейлде (АКШ) өткөн. Мелдеш 2003-2005-жылдары төрөлгөн жаштар арасында өтүп, 15 өлкөнүн спортчулары катышты.

Спорт чеберине талапкерлер, олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин тарбиялануучулары Дастан Жумашев 73 кг салмакта 2-орунду алса, 81 кг салмакта Талант Даниел коло медалга ээ болду.

Мелдештерди эл аралык категориядагы “International referee” судьясы Азамат Абдурасулов - спорттун күжүрмөн түрү боюнча олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин директору тейледи.

Пикир

Оставить комментарий