• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

​Болгону 40 секунд! Макгрегор Серронени нокаут менен жеңип алды

Спорт 0

Бишкек, 19.01.20. /Кабар/. Бүгүн, 19-январда UFC 246 мелдешинде ирландиялык мушкер Конок Макгрегор америкалык Дональд Серронени техникалык нокаут менен жеңип алды.

Лас-Вегаста UFC 246 мелдешинде Макгрегор менен Серроне 77 килограмм салмакта күч сынашты.

Беттеш 40 секундга гана созулду. Макгрегор каршылашын таймаш башталганда эле уруп-соккуга алды, көп өтпөй Серроне жерге кулап утулууга аргасыз болду.

Эскерте кетсек, Макгрегор 2018-жылы россиялык Хабиб Нурмагомедовго жеңилгенден бери октагонго чыга элек. Бүгүнкү утушу менен Конор 22 жеңишти камсыздады, буга чейин 4 беттеште жеңилген. Ал эми Серроне 36 беттешти утуп, 14 жолу каршылашына утулуп калган.

Пикир

Оставить комментарий